Бүгүн Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын күндүзгү билим берүү факультетинин 1-курсунун курсанттарына жана студенттерине Тилге даярдык кафедрасы тарабынан конок лекция уюштурулду. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын котормо, редакциялоо жана лингвистикалык экспертиза кызматы бөлүмүнүн эксперти, филология илимдеринин доктору, профессор, манас таануучу Орозбекова Жылдыз Калмашевна чакырылган. Лекциянын жүрүшүндө руханий маданияттын туу чокусу болгон “Манас” эпосунун философиясы, идеологиясы жана эпостогу түшүнүктөр тууралуу кенен маалымат берилди.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *