2023-жылдын 1-июнунда КРнын ИИМдин Академиясынын криминалистика жана маалыматтык технологиялар кафедрасы, интелектуалдык-таанып билүүчүлүк “Брейн-ринг” оюнун уюштурушту.

Ага окуу жайдын 3-курсунун курсанттары жана студенттеринен турган 10 топ катышты.

Турнирдин жыйынтыгында 34-тайпанын студенттери 1-орунду, 33-тайпанын курсанттары 2-орунду, үчүнчү орунду 35-группанын курсанттары  ээлешти.

Жеңүүчүлөргө криминалистика жана маалыматтык технологиялар кафедрасынын башчысы милициянын полковниги К.Ш.Эркинбаев эстеликке белектерди тапшырды. Болуп өткөн билим таймашында катышуучулар интелектуалдык дараметин ачууга жана чектелүү убакыттын ичинде биримдик менен  жөнгө салуу жөндөмдөрүн өздөштүрүүнү үйрөнө алышты.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *