Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков ИИМдин Академиясына кезексиз текшерүүгө келди. Окуу жай алдын ала мерчемделгендей ишембилик жүргүзүү менен алек болуп жаткан учурда, министр Академиянын имаратын, айлана чөйрөсүн текшерип, жеринде тапшырмаларды берди.

Окуу жайдын абалы жана шарттары менен таанышып, ИИОго сапаттуу кызматкерлерди даярдоодогу муктаждыктарына кызыкты.

Ошондой эле, жасала турчу иштер арбын экенин белгилеп, аларды аткарууда министрлик колдоо көрсөтөөрүн айтып өттү.

​Пландан тышкаркы текшерүүнүн жыйынтыгында министр ИИМдин Академиясынын жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгүнө өзүнүн баасы берип, окуу жайдын ишин жакшыртуу боюнча тапшырмаларды берди.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *