2024-жылдын февраль айынан бери ар жуманын ишемби күнү Бишкек ШИИББнин кызматкерлери үчүн ИИМдин Академиясында жогорулатуу курсу өткөрүлүп келе жатат.

Окуу курсуна Бишкек ШИИББнин тергөөчүлөрү, ыкчам иликтөө кызматкерлери жана коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери катышып, белгиленген предметтер боюнча сабактар өткөрүлүүдө.

Бул ишембиде, 6-апрель күнү, аталган курска тергөөчүлөр жана аймактык тескөөчүлөр келишти. Ар жумада ИИМдин Академиясынын башчысы милициянын генерал-майору Тариель Абитов кызматкерлер менен кезигип, маектешип, алардын сунуш пикирлерин угуп, өзүнүн акыл насааттарын да берип келет. Бул күнү Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын кесиптик майрамына дал келип, жолугушууда окуу жайдын башчысы тергөөчүлөрдү куттуктап, каалоо тилектерин айтты.

“Тергөө кызматы кылмыштуулук менен күрөшүп, алардын бетин ачуу жана иликтөө боюнча татаал, жоопкерчиликтүү тапшырмаларды аткарып келе жаткан ички иштер органдарынын алдыңкы кызматтарынын бири. Мындан ары да кызматтык милдеттериңерди так аткарып,антыңарга бек туруп, коюлган тапшырмаларды абийирдүүлүк менен аткаргыла. Акыркы күндөрү тергөөчүлөрдүн коррупцияга аралашуулары кездешүүдө. Сиздердин араңыздарда андайлар жок деп ойлойм. Ар бир иштин көзүн таап, андап тапкан пайда бул мамлекеттен алган айлыгыңар. Өлкө башчысы тарабынан колдоолор жакшы эле жүрүп жатат. Албетте адамдын муктаждыгы түгөнбөйт. Анткен менен бирөөнүн тагдырын болбогон бир натыйжасыз нерселерге алмашыруудан алыс болуңуздар. Мындай иштердин аягы жакшы бүтпөйт экенин көрүп жатасыздар. Андыктан ак эмгек менен тапкан айлыгыңар гана өзүңөргө буйруйт экен унтутпаңыздар. Дагы бир жолу майрамыңар менен куттуктап, ишиңиздерге ийгилик каалайм”-деди башчы.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *