2024-жылдын 8-апрелинде Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында 2010-жылы 7-апрель коогалаңында курман болгон курсанттар Эдил Такырбашевди жана Никита Кущту эскерүү митинг-реквиеми болуп өттү.

Иш-чарага Эдил Такырбашевдин эжеси Айнура Такырбашева, окуу жайдын жетекчилиги жана өздүк курамы катышты.

Эскерүү аземи “Даңк” мемориалына гүл чамбарларын коюу, мүнөттүк эскерүү менен башталды.

Андан соң ИИМдин Академиясынын башчысы милициянын генерал-майору Тариель Абитов “7-апрель биз үчүн эстен кеткис күндөрдүн бири. Анткени, дал ушул күнү коомдук коопсуздукту сактоодо, катарыбызда турган курсанттарыбыз Эдил Такырбашев менен Никита Кущтан айрылганбыз. Мекен үчүн берген анттарына бек туруп, бет маңдай келген курч абалдан тайманбай, ага тике карап, баатырларча курман болгон эр жүрөк курсанттарды тарбиялап, өстүргөн сиздерге терең таазим этип, ийилип кечирим сурайбыз. Ал күндү эстөө канчалык оор болсо да, жаркыраган курсанттарыбыздын элесине гүл арнап, куран багыштоо биздин ыйык милдет. Эдил да, Никита да эң алдыңкы курсанттардан эле. Аз өмүрүндө сабакты мыкты окуп, коомдук иштерде, спортто, илимий иш-чараларда активдүү катышып, Академиянын атын даңазалоого чоң салымдарын кошуп кетишти. Биз сиздерди унутпайбыз! Сиздер ар дайым биздин жүрөктөсүздөр! Эр азаматтарыбыздын жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун!”-деди башчы Тариель Абитов.

Өз сөзүндө, Эдилдин эжеси Айнура Такырбашева тизилген курсанттарга карап, “Менин иним да силердей болуп, формасын кийип, тыпырайган жигит эле. Келечекте элиме ак кызмат кылган кызматкерлерден болом деген аруу тилектерине жетпей калды. Силерге окууларыңарды ийгиликтүү аяктап, алдыга койгон максаттарыңарга жетишиңерге тилектешмин. Ал эми Академияын өздүк курамына, курсанттарыңарды унутпай ар дайым эстеп, бизди чакырып көңүл бөлгөнүнүздөр үчүн ыраазычылык билдирем. Элибизде ар дайым тынчтык болсун, мындай жаман күндөр экинчи кайталанбасын. Эч ким өз жакынынан ажырабасын” –деди.

Ал эми ИИМдин Академиясынын жарандык-укуктук сабактар кафедрасынын доценти милициянын майору Камбар Имаркулов каргашалуу күндү эстеп, “Эдил менен Никита менин, бир взводдо окуп, бир катарда жүргөн курсташтарым эле. Экөө тең адамдык сапаттары жогору, келечекке деген кенен ой-максаттары бар азаматтардан болушкан. Арадан бат эле 14 жыл өткөн экен. Бирок ал күндөр дагы деле бүгүнкүдөй эсимде. Мен Эдил, Никита менен бир партада отуруп, билим алып, замандаш болуп калганыма сыймыктанам. Биз аларды дайыма эстеп турабыз. Бүгүн да курсташтар менен чогулуп, аларды эскеребиз. ”-деп, катарлаш досторуна арнап куран окуп, иш-чара жыйынтыкталды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *