2024-жылдын 8-апрелинде ИИМдин Академиясынын административдик укук жана административдик ишмердүүлүк кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин № 6 шаардык милиция бөлүмдүн №1 милициянын аймактык пунктунун, коомдук коопсуздук кызматы аркылуу практикага багытталган иш ыкмаларына мониторинг жүргүзүү максатында барышты.

Бул иш-чарага 3-курстун курсанттары алып барылып милициянын ыйгарым укутуу өкүлүнүн ишмердүүлүгү, атап айтканда дене камераларынын иштеши, «Милициянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн административдик паспортунун» ишмердүүлүгүндө планшеттердин колдонулушу менен таанышты. Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин аймактык тескөөчүсү, милициянын капитаны Э. Абылкасымов курсанттарга электрондук документацияны толтурууну жана жүргүзүүнү ачык көрсөтүп берди.

Курсанттар маалыматтарды кызыгуу менен кабыл алып, кошумча суроолорду беришти.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *