2024-жылдын 23-мартынан 3-апрелине чейин Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Эргеш Алиев атындагы Академиясына шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кылмыш иликтөө бөлүмүнүн, бөлүмчөлөрүнүн башчылары келип, квалификациясынын жогорулатуу курсунан өтүштү.

Квалификациясын жогорулатуу курсу Академиянын окуу-планына жана Ички иштер министринин, кызматкерлердин кесиптик деӊгээлин жогорулатуу боюнча окутуп-үйрөтүү, тапшырмасына ылайык өткөрүлдү.

Кызматкерлерге татыктуу курс өткөрүү үчүн бир гана ИИМдин Академиясынын профессордук-окутуучулук курамы гана эмес, тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү да чакырылат.

Окуунун аягында алган билимин далилдөө үчүн ыкчам кызматкерлер сынак тапшырып, ийгиликтүү өткөндөр тасьтыктамаларга ээ болушту.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *