Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жапаровдун «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепцияны бекитүү тууралуу» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, ошондой эле Ички иштер министри У. Ниязбеков тарабынан министрликтин коллегиясында кадрлар кызматтарынын алдында койгон талаптарын аткаруу максатында, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги, Ички иштер министрлигинин Академиясынын окутуучуларынын катышуусу менен өздүк курам арасында сабактарды уюштурушту.

🔹Аталган иш-чаранын негизги максаты милиция кызматкеринин күнүмдүк ишине тиешелүү укуктук аң-сезимдин, жүрүм-турумдун социалдык-маданий жана этикалык стандарттарынын кемчиликтерин, коммуникация көйгөйлөрүн, психологиялык туруксуздукту, инсандын кесиптик деформациясын жоюуга багытталган.

🔹Сабактын жүрүшүндө ИИМдин Академиясынын жазык-укугу кафедрасынын доценти М.Аманбаев жана илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо факультетинин инспектору М.Карабаевдер өздүк курам менен окуу процессин уюштуруу олуттуу маселелеринин бири экенин белгилешти. Эреже катары, тарбиялоо процесси көбүнесе билим алып жаткан кызматкердин өзүнүн каалоосуна, анын өркүндөтүү аракетине жараша болот. Бул учурда тарбиячылар түздөн-түз жетекчилер болуп саналат, ал эми тарбия процесси ички иштер органдарынын кесиптик ишмердүүлүгүнүн талаптары менен аныкталган моралдык-укуктук нормалардын жүрүм-турумуна багытталганын эскертишти.

🔹Окуутучулар ошондой эле коомдук турмуштун бардык чөйлөрү демократиялаштыруунун жана реформалоонун интенсивдүү процессинин шартында ички иштер органдарынын кызматкерлерин даярдоонун жогорку, сапаттуу деӊгээлинин мааниси кескин жогорулап жаткандыгын белгилешти. Катардагы жаран ички иштер органдарынын кызматкерин биринчи кезекте мамлекеттик бийликтин өкүлү катары көрөт. Мындай шарттарда милиция кызматкеринин алдына жогорку талаптар коюлат. Андыктан кесиптик жана адеп-ахлактык тарбия, кесиптик даярдоонун негизги элементи болуп каларын жана кызматтык милдеттерди аткаруунун сапатына жараша болорун, окуутучулар баса белгилешти.

🔹Сабактын аягында Ысык-Көл ОИИБдин башчысы О.Кочкоров ИИМдин Академиясынын окутуучуларына иш-чараларды мазмундуу өткөргөндүгү үчүн ыраазычылык каттарын тапшырды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *