2024-жылдын 16-февралында ИИМдин Академиясынын Ардагерлер Кеңешинин отчеттук-жыйынтыктоочу жыйыны өткөрүлдү. Ага окуу жайдын арадегрелери катышышты.

🔹Иш-чара Кыргыз Республикасынын Гимни жана көзү өтүп кеткен ардагерлерди эскерүү менен башталды.

🔹Өз сөзүндө ИИМдин Академиясынын башчысы милициянын генерал-майору Тариель Абитов ардагерлердин өсүп келе жаткан муунду тарбиялоодо кошкон залымдары үчүн ыраазычылык билдирип, Ардак грамоталарды тапшырды.

🔹Жыйында Ардагерлер кеңешинин төрагасы отставкадагы милициянын полковниги Төлөгөн Илимгазиев жыл ичинде өткөрүлгөн жана уюштурулуган жолугушуулар, иш-чаралар боюнча отчетун экрандан көрсөтүп берди.

🔹Ошондой эле жыйында ардагерлер төраганы кайрадан дайындоо, бекитүү иш-чарасын өткөрүштү.

🔹Жыйындын соңунда курсанттардын жана студенттердин чакан концерти, ошондой эле сый тамак тартууланды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *