2024-жылдын 17-февралында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясында Бишкек ШИИББнин тергөөчүлөрүнө жана Коомдук коопсуздук кызматынын тескөөчүлөрүнө кесиптик жогорулатуу окуу курсу уюштурулуп, өткөрүлүүдү.

🔵Квалификациясын жогорулатуу курсу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбековдун тапшырмасына ылайык жүргүзүлүп жатат.

🔵Сабактын жүрүшүндө ИИМдин Академиясынын башчысы милициянын генерал-майору Тариель Абитов ар бир тайпанын угуучулары менен жолугушуу өткөрдү.

🔵Өз сөзүндө башчы, окуу курсу Ички иштер министринин талабына ылайык өткөрүлүп жатканын, бирок ошол эле учурда ар бир милиция кызматкери үчүн, үзгүлтүксүз билим алуу кызматтагы жетишкендиктерге жетүүдө жана ийгилик жаратууда маанилүү экенин баса белгиледи.

🔵“Сиздердин көбүңөр биздин окуу жайды же башка жогорку окуу жайларды аяктаган, иштин эбин тапкан кызматкерлерденсиңер. Сиздер күнүгө коомчулук менен тыгыз иш алып барасыздар. Ал эми билимдүү болуу диплом алуу менен чектелбейт. Ошондуктан биздин профессордук-окутуучулук курамдын сабактарына активдүү катышып, өз билим деңгээлиңерди, квалификацияңарды жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн пайдаланып калыңыздар. Ошондой эле окуу-пландарына сунуштарыңарды, өз ойлоруңарды, пикирлериңерди айтууну унутпаңыздар. Биз алардын баарын эске алабыз”-деди окуу жайдын башчысы Тариель Абитов.

🔵Эске салсак окуу курсу 2024-жылдын 10-февралынан баштап өтүп жатат. Кийинки ишемби күнү да улантылат.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *