8-декабрда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын күндүзгү билим берүү факультетинин курсанттары, студенттери жана дистанттык сырттан окуу жана магистратура факультетинин студенттери Бишкек шаарындагы М.Жангазиев атындагы куурчак театрында Кыргыз элинин залкар жазуучусу Ч. Айтматовдун туулган күнүнө карата коюлуп жаткан “ Кош Гүлсары!” спектаклине барып келишти.Спектаклде мурдагы жылкычы, койчу Танабайдын жеңил эмес тагдыры баяндалат. Анын жарандык көз карашы, нака турмуштук философиясы курсант, студенттерди кайдыгер калтырган жок.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *