2026-жылдын 9-апрелинде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясында ачык эшик күнү уюштурулуп, анын алкагында республиканын бардык аймагынан келген окуучулар жана ата-энелер үчүн экскурсия өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө меймандар Академиянын окуу-материалдык базасы, билим берүү процесси жана курсанттар үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты.

Ошондой эле кызматкерлер тарабынан окуу жайга кабыл алуу тартиби, талаптары жана келечектеги кесиптик мүмкүнчүлүктөр тууралуу кеңири маалымат берилди.

