Дистанттык-сырттан билим берүү жана магистратура факультетинин студенттерине “Ата – Бейит” тарыхый-мемориалдык комплексинде сырттан сабак уюштурулду. Коомдук – саясий сабактар кафедрасынын окутуучусу, милициянын лейтенанты Алымбек уулу Медет мемориалдагы ар бир эстеликтин тарыхын, тарыхый инсандар жөнүндө кенен баяндап берди. Андан тышкары, “Улуттук боштондук көтөрүлүштө” курман болгон ата-бабалардын элесине, саясий репрессиянын курмандыктарына арналып куран окулду.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *