Кыргыз Республикасынын ИИМдин 2021-жылдагы 15-январындагы «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча 2021-жылга карата түзүлгөн иш-мерчемди бекитүү жөнүндө» буйругунун 3-пунктун аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын ИИМдин 2021-жылдын 1-ноябрында «Окуу курсун өткөрүү жөнүндө» тескемеси чыгарылып, анын негизинде, Кыргыз Респбуликасынын ИИМдин Башкы штабынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмчөсүнүн демилгеси менен КР ИИМдин Академиясында ИИМдин Борбордук аппаратынын кызматкерлерине «Иш кагаздарды мамлекеттик тилде жүргүзүү» аталышындагы окуу курсу уюштурулду.КР ИИМдин Академиясынын тилге даярдык кафедрасында 2021-жылдын 15-ноябрынан 15-декабрына чейин аталган окуу курска ИИМдин Борбордук аппаратынын кызматкерлери катышып, иш кагаздарын мамлекеттик тилде жазуу сабаттуулугун өркүндөтүштү.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *