Бүгүн, 14-декабрда өлкөнүн жогорку окуу жайларынын эң мыкты 80 студентине президенттик стипендия тапшыруу аземи болуп өттү.  Алардын ичинде Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын 4-курсунун курсанттары милициянын катардагысы Ильясов Айдарбек Жолдубаевич жана милициянын катардагысы Нуржанова Кымбат Нуржановна да бар.

Милициянын катардагысы курсант Ильясов А.Ж. ички иштер органдарына 2018-жылдын июль айында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын күндүзгү билим берүү факультетинин курсанты катары кабыл алынган.

Ильясов А.Ж. ИИМдин Академиясында окугандан бери илимий жана маданий-массалык иш чараларга активдүү катышып, көптөгөн ийгиликтерге жетишкен. 2016-жылы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына миӊ комузчунун курамында күү черткендиги үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинен «Ыраазычылык кат» менен сыйланган.

2019-жылдын 5-декабрь күнү адам укугунун жалпы Декларациясынын кабыл алынганынын 71-жылдыгына карата Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык Академиясында болгон «Адам укугу – Кыргызстандын өнүгүү индикатору» деген темада эл аралык илимий-практикалык студенттик конференцияга активдуу катышкандыгы үчүн «Мактоо баракчасы» менен сыйланган.

2019-жылдын 18-декабрь күнү Бишкек шаарындагы Т.Абдымомунов атындагы кыргыз драма театрында болуп өткөн «Жаны ысымдар» студенттик театралдык фестивалынын алкагында болгон «Жамиля» спектаклинде, Даниярдын ролун мыкты аткаргандыгы үчүн «Жюринин атайын сыйлыгына» ээ болгон.

2019-жылдын 6-декабрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында Конституциялык укук сабагынан «Адам укугу» темасында курсанттар жана студенттер арасында өткөн Брейн-ринг интеллектуалдуу оюнуна катышып 1-орунду ээлегендиги үчүн «Диплом» менен сыйланган.

2021-жылдын 20-майында Россия Федерациясынын Красноярск шаарындагы Россия Федерациясынын ички иштер министирлигинин юридикалык институтунда болуп өткөн «Жаштар, илим жана  цивилизация» XXIII эл аралык студенттик илимий конференциясында «Окуя болгон жерди кароодо колдонулган техникалык – криминалистикалык каражаттар” деген темада баяндама менен катышкан.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын маданий-массалык иш чараларына активдүү катышкандыгы, үлгүлүү жүрүш-турушу жана окуудагы жетишкендиги үчүн Академиянын жетекчилиги тарабынан бир нече ирет сыйланган.

Милициянын катардагысы курсант Нуржанова Кымбат Нуржановна ички иштер органдарына 2018-жылдын июль айында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын күндүзгү билим берүү факультетинин курсанты катары кабыл алынган.

Нуржанова К.Н. ИИМдин Академиясында окугандан бери илимий, маданий-массалык жана спорттук иш чараларга активдүү катышкандыгы, үлгүлүү жүрүш-турушу жана окуудагы жетишкендиктери үчүн Академиянын жетекчилиги тарабынан бир нече ирет сыйланган.

2018-жылы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Таяк-тартыш спорту боюнча 2-орунду алган жана  спорттогу жетишкендиги үчүн Кыргыз Республикасынын ИИМдин буйругу менен «Алкыш» жарыяланган.

2019-жылдын 18–апрелинде ИИМдин Академиясында «Кыргыз миициясынын окуу жайына 50 жыл» юбилейине карата өткөрүлгөн «Кана эмесе кыздар» атту кароо-сынагына активдүү катышып 1-орунду ээлеген.

2019-жылдын 9-май Улуу Жеништин 74 жылдыгына карата Бишкек шаарынын «Жеӊиш» аянтында уюштурулган «Жениш Вальсы» эл аралык бий акциясына активдүү катышгандыгы үчүн «Евразийцы – новая волна» маданият-тарыхый коомчулугу фондусу тарабынан «Ыраазычылык кат» менен сыйланган.

2019-жылдын 14-октябрында ИИМдин Академиясында «Кыргыз милициясына 95 жыл» юбилейине карата өткөрүлгөн музыкалык кароо сынагында «Бий» номенациясын эӊ мыкты аткаргандыгы үчүн 1-орунду ээлеп, «Мактоо баракчасы» менен  сыйланган.

2019-жылдын 6-декабрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында Конституциялык укук сабагынан «Адам укугу» темасында курсанттар жана студенттер арасында өткөн Брейн-ринг интеллектуалдуу оюнуна катышып 1-орунду ээлегендиги үчүн «Диплом» менен сыйланган.

2018 жана 2021 жылдары Кыргыз Республикасынын Таяк-тартыш спорту боюнча чемпиону жана таяк-тартыш боюнча спорттун чебери. Спорттогу жогорку жетишкендиктери үчүн ИИМдин  Академиясынын буйругу менен «Билим, мыйзам, намыс» төш белгиси тапшырылган.

2021-ж Туркиянын Стамбул шаарында болгон таяк-тартыш боюнча дүйнө кубогунда 1-орунду алган жана таяк-тартыш боюнча эл аралык класстагы спорттун чебери нормасын толтурган.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *