8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында билим алып жаткан кыздардын арасында “Академия сулуусу” аттуу кароо сынагы болуп өттү.
Сынак 5 этаптан туруп, ага жалпысынан 6 кыз катышкан. Иш-чаранын жүрүшүндө кыздар өздөрүнүн талантын, тапкычтыгын, кол өнөрчүлүгүн жана ошондой эле ашканада кандай кожейке экенин көргөзүшүп, бири обон созуп ыр ырдаса бири Манас айтып, ар улуттун бийлерин бийлешип отургандарга шаңдуу маанай тартуулашты.
Калыс катары жеке ишкер Айтманбетова Паризат Тилемишовна, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Аскер институтунун башчысынын өздүк курам менен иштөө боюнча орун басары полковник Жусупбеков Медербек Жолболдуевич, Кыргыз Республикасынын мыкты маданият кызматкери, продюсер, диджей Ирсалиев Акыл Жеңишбекович, теле алып баруучу, журналист Жамгырчиева Айзада Жамгырчиевна, Кыргыз Республикасынын Мыкты маданият кызматкери, куудул, актёр, ырчы,тамада Кадырматов Абды Бакас Жолоевич чакырылган.
Сынактын жыйынтыгында, калыстар тобунун чечими менен биринчи орунга экинчи курстун курсанты Айчолпон Аматова, экинчи орунга биринчи курстун курсанты Камчиева Эркайым, үчүнчү орунга 3-курстун студенти Аяна Исакова ээ болушту. Жеңүүчүлөргө демөөрчүлөр тарабынан баалуу белектер тапшырылды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *