🔵2023-жылдын 6-мартында милициянын генерал-майору Эргеш Алиев атындагы ИИМдин Академиясынын өздүк курамы жана курсанттары, милициянын генералдары менен жолугушту.

🔵Иш-чаранын башталышында генералдар Кыргыз милициясынын тунгуч генералы Эргеш Алиевдин эстелигине гүл коюшту.

🔵Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов, ИИМдин Генералдар кеңешинин төрагасы, отставкадагы милициянын генерал-майору Садырбек Дубанаев, отставкадагы милициянын генералдары Бексултан Ишимов жана Абдыкапар Мавлянов катышты.

🔵Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгынын алкагында КыргызРеспубликасынын Ички иштер министринин демилгеси менен уюштурулуп, жогорку адеп-ахлактык баалуулуктарды өздөштүрүү аркылуу, мыйзамдуулукту бекемдөөгө олуттуу салым кошууга даяр кызматкерлерди тарбиялоого багытталган.

🔵Жолугушуунун жүрүшүндө генералдар окуу жайдын жогорку билимдүү, кесипкөй кызматкерлерди тарбиялоодогу өзгөчө ролун белгилеп, бүгүнкү күндө Академиянын бүтүрүүчүлөрүн өлкөбүздүн бардык булуң-бурчтарынан кезиктирүүгө болооорун, ошондой эле алардын көбү жетекчилик кызматтарда экенин билдиришти.

🔵Оставкадагы милициянын генерал-майору Садырбек Дубанаев өз сөзүндө белгилегендей, өлкөнүн ишмердүүлүгүндөгү экономикалык, саясий жана башка тармактарда болуп жаткан олуттуу өзгөрүүлөрдүн жана санариптештирүү доорунун шартында кесипкөй , компетенттүү кызматкерлер керек экендигин, кадрларды даярдоодо жана тарбиялоодо коюлган талаптардын жогорулаганына байланыштуу, ИИМдин Академиясынын профессордук-окутуучулар курамынын ролу жана жоопкерчилиги көбөйгөнүн айтып, мезгил менен кошо кадам таштап, айрыкча заманбап, жогорку адептүү, профессионалдуу адистерди даярдоого милдеттүү экендиктерин билдирди.

Генералдар мугалимдин эмгеги чоң чыдамкайлыкты, ар тараптуу аракетенүүнү жана тынымсыз изденүүнү талап кылаарын, ошону менен бирге окуу жайга инновациялык технологияларды, заманбап усулдарды киргизүү курсанттардын сапаттуу билим алуусунун ийгилигинин ачкычы экенин эске салышты.

Келген коноктор Академиянын жалпы жамааты тарабынан жасалып жаткан бардык аракеттер, жаштардын руханий, адеп-ахлактык тарбия алуусуна, ошондой эле өзүнүн кесибинин мыкты адиси катары өлкөнүн өнүгүшүнө салымын кошо алган инсанды тарбиялоого өбөлгө түзөт деген ишенимин билдиришти.

Жыйындын соңунда ИИМдин Академиясынын начальниги милициянын генерал-майору Тариель Абитов өздүк курамга акыл-насааттарын айтып, бай тажрыйбасы менен бөлүшкөн генералдарга ыраазычылыгын билдирип, түгөнгүс куч-кубат жана бакубатчылык каалады.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *