8-март Аялдардын Эл аралык майрамына карата Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында салтанатту иш-чара болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын начальниги милициянын генерал-майору Т. Абитов айымдарды куттуктап, жоокер заманда ач бел, куу жондо от таап, ташка нан жаап, бүт журтту сактаган да, чабышкан тараптарды жараштырган да, керек кезде эки тизгин, бир чылбырды колго алып, эл баштаган да асыл аялдар болгонун белгилеп, сулуулук, тазалык жана жаз күнүндөй жаркыраган маанай тартуулаган аялзатына бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалады.  

Андан соң, кызматтык ишмердүүлүгүндө ийгиликтерге жетишкен бир катар кызматкер айымдарга сыйлыктарды тапшырды.

Иш-чара ИИМдин Академиясынын мырзалары тарабынан даярдалган концерттик программа менен аяктады.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *