Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын өздүк курамына ИИМдин Ички аскерлеринин аскер медицина бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан согуш талаасында жарадар болгон аскерге биринчи жардам көрсөтүү боюнча практикалык сабак өткөрүлдү.
Сабактын жүрүшүндө аскер медицина бөлүмчөсүнүн начальниги, медицина кызматынын майору Т. Акжолтоева аскерлердин медициналык аптечкасындагы эң керектүү даары-дармектер жана медициналык каражаттар тууралуу баяндама окуп, андан соң, согуш талаасында жарадар болгон аскердин өзүнө өзү биринчи жардам көрсөтүүсү, башка аскерге биринчи жардам көрсөтүү, кан агууну токтотуу, сыныктарды таңуу жана согуш талаасынан жарадар болгон аскерди алып чыгуу боюнча маалымат берилип практика жүзүндө көрсөтүлдү.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *