Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын 1-курсунун студенттери кураторлору менен биргеликте Бишкек шаарындагы А. Умуралиев атындагы драм театрда коюлуп жаткан Б. Жакиевдин «Саадат какты» пьесасына барып келишти.

         Окуу-тарбия иштерин жакшыртуу, курсанттардын, студенттердин инсандык жана кесиптик сапаттарын, чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү максатында профессордук-окутуучу курамдын арасынан ар бир взвод жана окуу топторуна кураторлор дайындалган. Кураторлор тарбия бөлүмү,  окуу-инспекциялык башкармалыгы, факультеттер менен тыгыз байланышта иш алып барышат жана окуу топторундагы курсант, студенттер менен жолугушуп, окуу процессиндеги суроолорду, кызматтык тартипти, жана башка жаралган маселелерди талкууга алып, аларды чечүүгө ар тараптан жардам беришет.
         Ошондой эле окуудан тышкары убакта курсанттардын, студенттердин руханий дүйнөсүн байытуу максатында, кураторлор, бекитилген окуу топтору менен биргеликте кино, театрларга, улуттук тарыхый-мемориалдык комплекстерге жана музейлерге барып турушат.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *