1-ноябрь Кыргыз милициясынын 97 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясындасында салтанаттту сапка тизилүү болуп өттү. Анда ИИМдин Академиясынын начальниги милициянын полковниги Тариель Абитов  Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин куттуктоо сөзүн окуп, андан соң, медаль, төш белги жана грамоталар менен артыкчылыкка ээ болгон кызматкерлерди сыйлады. Окуудагы жетишкендиги жана ИИМдин Академиясынын коомдук жашоосуна активдүү катышкандыгы үчүн бир катар  курсанттарга алкыш жарыялады.

Иш чаранын соңунда жалпы курам салтанаттуу марштан өтүштү.

Ошондой эле көп жылдар бою ИИМдин Академиясынын тил кафедрасын жетектеп келген филология илимдеринин кандидаты, милициянын полковниги Жылдыз Секебаеваны ардактуу эс алууга узатуу иш-чарасы болуп өттү.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *