Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын кызматкерлерине “Бакдөөлөт” коомдук фондунун жетекчиси, кыргыз таануучу Мелис Мураталиев тарабынан “Кыргыз элинин окутулбаган тарыхы” аттуу темада сабак өтүлдү. Сабактын жүрүшүндө б.з.ч. 201-жылы Модэ (Маодунь) ал кезде Чыгыш Тянь-Шанда жайгашкан Гэгунь (Кыргыз) ээлигин баш ийдиргенден тартып кыргыз тарыхын талдап, улут катары калыптануу жолундагы урунттуу учурлары жөнүндө кенен маалымат берилди. Андан тышкары кыргыздын каада-салттары, алардын чечмелениши тууралуу да айта кетти.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *