Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий–адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын Дистанттык-сырттан билим берүү боюнча жана магистратура факультетинин студенттери Кыргыз Республикасынын ИИМдин С. Наматбаев атындагы музейине барып келишти.
Музейдин кызматкери Г. Жээналиева студенттерге Сагын Наматбаевдин өмүр таржымалы жана ички иштер органдарынын тарыхындагы орчундуу окуялар тууралуу маалымат берип, орчундуу документтердин түп нускалары, кызматтык курал жана транспорт каражаттары, ар кайсы доордогу кызматкерлердин кийимдери, сыйлыктары жана жеке буюмдары, курал-жарактар, анын ичинде кылмышкерлерден алынган куралдар, кылмыштын буюм далилдери көрсөтүлдү.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *