25-26-ноябрь күндөрү “Аял-судьяларынын кыргыз ассоциациясы” коомдук бирикмеси 8-ар жыл сайын «Теңдик принциби-сот адилеттигинин институттарындагы сот адилеттигинин маанилүү элементи катары. Кыйынчылыктар жана перспективалар» атуу конференцияга чогулушту. Эки күнгө созулган жыйында судьяларды, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин, прокурорлорду, адвокаттарды, социалдык кызматкерлерди окутуу маселелери, гендердик зомбулуктан жабыр тарткандардын кызыкчылыктарына багытталган иштеги жаңы ыкмалар боюнча алардын маалымдуулугун жогорулатуу маселелери, насаатчылык боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлору, кадрларды тандоо тартиби жана ошондой эле гендердик зомбулукту болтурбоо боюнча мыйзамдардын долбоорлору талкууланды. Аталган иш-чарага ИИМдин Академиясынын Криминалистика жана маалыматтык технологиялар кафедрасынын окутуучусу  милциянын майору А. Осмонова катышты.

Иш-чаранын соңунда “Аял-судьяларынын кыргыз ассоциациясы” коомдук бирикмеси коомдук бирикмесинин Байкоочулар кеңешинин төрайымы А. Айдарбекова Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясына мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөдө колдоосу жана жемиштүү кызматташуусу үчүн ыраазычылык катын  тапшырды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *