2022-жылдын 29-ноябрында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясында Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коомунун көмөгү менен  9-ноябрь Эл аралык коррупцияга каршы күрөшүү күнүнө жана 10-ноябрь Адам укуктарынын эл аралык күнүнө арналган “Бүткүл дүйнө: адам укуктары институтунун көйгөйлөрү жана өнүгүү келечеги” деген темада тегерек стол болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коомунун Эл аралык гуманитардык укук боюнча адистер, ИИМдин Академиясынын профессордук-окутуучулар курамы, 1-4-курсунун курсанттары, Квалификациясын жогорулатуу борборунун, Дистанттык-сырттан билим берүү боюнча  жана магистратура факульттинин студенттери катышты.

 Тегерек столдун модератору катары ИИМдин Академиясынын Коомдук-саясий сабактар жана психология кафедрасынын начальниги, юридикалык илимдердин доктору, милициянын полковниги Чолпон Кадырова баштап, адегенде сөз кезегин Улуттук Кызыл Жарым Ай Коомунун Эл аралык гуманитардык укук боюнча адиси Салима Абдымомун кызына берди. Ал атайын даярдалган видеослайд аркылуу “Гуманитардык кыймылдын өнүгүү тарыхы” жөнүндө катышуучуларга кенен маалымат берди.

Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө эксперт Санжар Муратбеков биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча  мастер-класс өткөрдү. Анда илимий иш-чаранын катышуучуларынын суроо-талабы боюнча эксперт кан агуунун түрлөрү, кан кеткенде биринчи медициналык жардам көрсөтүү ыкмалары, эс-учун жоготуу учурунда, уулуу жыландар, курт-кумурскалар чакканда, эпилепсия кармаганда адамдын өмүрүн сактап калуу үчүн жасалган аракеттер тууралуу кенен маалымат берип, практикада кандай ыкмалар жасаларын көрсөттү.

Иш-чаранын үчүнчү бөлүгү “Илимий форум” деп аталып, катышуучулар: “Мамлекеттеги адам укуктарынын өнүгүшүнө коррупциянын тийгизген таасири”,«Көп улуттуу коомдо адам укуктарын ишке ашыруудагы толеранттуулуктун потенциалы», “Санариптик доордо адам укуктарынын эволюциясы”, “Диний экстремизм идеологиясы инсандын коопсуздугуна коркунуч катары”, «Кыргыз улуттук идеологиясындагы адам укугунун орду», “Үй-бүлөлүк мамилелер чөйрөсүндөгү зомбулуктун жана виктимизациянын психологиялык аспектилери” ,«Жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоонун психологиялык аспектилери» деген темаларда докладдарын окушуп, суроолорго жооп беришити.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *