Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында 1 – декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата Республикалык СПИД борборунун адистеринин жардамы менен күндүзгү билим берүү факультетинин курсанттарына СПИД дарты тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында Тарбия бөлүмү тарабынан жолугушуу уюштурулду.
Иш-чарада өтө тездик менен жайылып бара жаткан XXI кылымдын чумасы аталган СПИД дарты, ВИЧ инфекциясы тууралуу жана коркунучтуу илдетин алдын алуу, ооруунун жугуу жана сактануу жолдору, сергек жашоо мүнөзү боюнча атайын маалыматтар берилип, презентациялар көрсөтүлдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө курсанттар Республикалык СПИД борборунун адистерине кызыктырган суроолорун беришип, жооп ала алышты. Ал гана эмес өз ыктыярлары менен СПИД илдетин аныктоочу тест да тапшырышты.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *