Бүгүн, 25-ноябрда  ИИМдн Академиясынын базасында, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен,  “Криптовалюталар жана даркнет боюнча иликтөөлөр” деген аталышта окутуунун 2-этабы аяктап, аталган курсту аяктаган ИИОнун 20 кызматкерине тастыктамалар тапшырылды.

            Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын начальниги милициянын полковниги Т. Абитов ички иштер органдарына кадрларды даярдоодо активдүү жана жемиштүү кызматташууга кошкон зор  салымдары үчүн  ЕККУнун Бишкетеги Программалык кеңсесининАскердик саясат боюнча департаментинин башчысы А. Елисеевди,  полиция боюнча кеңешчиси К. Бедаревди, жана башка ЕКУУнун өкүлдөрүн, экперттерин  Ардак грамоталар  сыйлады.  

            Ошондой эле, ЕККУнун Бишкетеги Программалык кеңсесининАскердик саясат боюнча департаментинин башчысы А. Елисеев милициянын ишин уюштуруунун демократиялык принциптерин Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын окуу программасына киргизүүгө кошокон  зор салымы  үчүн ИИМдин Академиясынын начальниги Т. Абитовго жана бир катар Академиянын кызматкерлерине ыраззычылык каттарды тапшырды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *