Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандан руханий–адеп-ахлактык өнүгүүсү дана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгына ылайыкКыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын Дистанттык-сырттан билим берүү боюнча жана магистратура факультетинин студенттери Т.Абдуʍᴏʍунᴏʙ аᴛындаᴦы Кыᴩᴦыɜ улуттук академиялык драма театрынында коюлуп жаткан  М.Касеновдун “Алда жаш жубайлар, ай!” спектаклинин премьерасына барып келишти.

            Комедия,  үй-бүлөлүк баалуулуктарды баяндап, өзгөчө жаңыдан баш кошкон жаш жубайлардын ортосундагы майда-барат нерселерден улам чыккан талаш-тартыштарды, анын чечүү жолдорун кылдат түшүндүрүп, автор аталган чыгармасы аркылуу эркек менен аялдын коомдогу ордун көрсөтүп эле тим болбостон, бири-бирине болгон кызганыч сезимдин жетээр чегинен ашпашы керектигин таамай көрсөткөн. Спектакль дал ушул кызганыч сезиминин чегин билүүгө үндөп, андан ашкан соң арты өкүнүчкө алып барарын таасын көрсөүп, көрармандарга тарбиялык сабак болду.

            Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер аталган драма театрынын директору, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, актер, композитор Асылбек Өзүбеков менен баарлашып, чакан маек курушту.  

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *