2022-жылдын 24-ноябрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын базасында Мамлекеттик-укуктук сабактар кафедрасы Илимий иштерди уюштуруу бөлүмүнүн көмөгү менен жана «Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарынын актуалдуу көйгөйлөрү» деген темада эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

            Конференцияга Россиянын ИИМдин Уфадагы юридикалык институтунун, Сибирдеги юридикалык институтунун, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын, Улуттук илим академиянын,  КУУнун, Кыргыз-Орус Славян университетинин Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясынын, КМТУнун, Борбордук Азиядагы Эл аралык университетинин, Эл аралык Ала-Тоо университетинин, Кыргыз Республикасынын Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин алдын алуу боюнча улуттук борборунун, ИИМдин Республикалык окуу борборунун өкүлдөрү жана Академиянын профессордук-окутуучулук курамы катышты.

            Илимий-практикалык конференция Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарынын актуалдуу маселелерине арналган.

            Бул конференциянын максаты: Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын көйгөйлөрү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу. Эл аралык илимий конференциянын жүрүшүндө катышуучулар баяндамалар менен чыгып, мыйзамдардын көйгөйлөрүн чечүү үчүн маанилүү болгон тиешелүү сунуштарды иштеп чыгышты. Илимий конференциянын жүрүшүндө алынган маалыматтар жаш окумуштуулар үчүн да, практиктер үчүн да пайдалуу болот.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *