2022-жылдын 22-25-ноябрында Кой-Таш айылындагы Жаннат резорт отелинде Сеулдагы ПРООНдун Саясий изилдөө борборунун колдоосу менен «Гендердик зомбулукка каршы өнөктөштүк» долбоорунун алкагында «Аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү» окуу курсун жыйынтыктоо боюнча көчмө семинар болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын жумушчу тобу аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу жана ага каршы туруу боюнча окуу курсун иштеп чыгуу боюнча алдыңкы эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен окуу-методикалык комплексти изилдеп, жыйынтыктады.  Окуу курсу аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү чөйрөсүндө милиция кызматкерлерине билим берүү процессине эл аралык мыкты тажрыйбаларды камтуу жана киргизүү боюнча ИИМ менен ПРООНдун биргелешкен долбоорун ишке ашыруу максатында түзүлгөн.

Семинардын программасына ылайык модераторлордун баяндамалары жана сессиялары угулду. Бардык сунушталган материалдар кызуу талкууну жаратып, гендердик зомбулуктун алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү жаатында Корея Республикасынын жана Казакстандын укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу ченемдик-укуктук базанын өзгөчөлүктөрүнө байланышкан көптөгөн суроолор берилди.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *