2023-жылдын 11-12 – апрелинде кесипке багыт берүү боюнча КР ИИМдин Академиясынын Дистанттык-сырттан окуу боюнча билим берүү жана магистратура факультетинин начальниги милициянын полковниги А. Давлетов КР ИИМдин Күзөт кызматынын Балыкчы шаарындагы күзөт бөлүмүнүн жана Атайын багыттагы полкунун Балыкчы шаарындагы өзгөчө ротасынын кызматкерлери менен жолугушту.

Алгач Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын материалдык-техникалык базасын чагылдырган видеоролик көрсөтүлдү. Андан соң, полковник А. Давлетов окуу жайдын билим берүү багыттары, сырттан окуу формасы боюнча билим алуу жөнүндө маалыматтарга токтолуп, окуу жайдын базасы, даярдоо шарттары, кафедралары тууралуу баяндама жасады.

Жолугушуу учурунда кызматкерлер тарабын кесипке багыт берүү тууралу суроолор берилип, жооп алышты.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *