13-апрелде Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгынын алкагында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын 1-курсунун курсанттары ИИМдин Академиясынын ардагери милициянын отставкадагы полковниги А. Байтиков менен жолугушту. Жолугушуунун башында ИИМдин Академиясынын Ардагерлер кеңешинин төрагасы, отставкадагы милициянын полковниги Т. Илимгазиев ардагерди тааныштырып, ал жөнүндө маалымат бере кетти.

Андан соң, А. Байтиков өзүнүн эмгек жолундагы кызыктуу окуяларга токтолуп, ички иштер органдарында кызмат өтөө оңой иш эмес экендигин белгилеп, жарандарга сапаттуу укуктук жардам көрсөтүү үчүн татыктуу билим алуу зарыл экенин билдирди. Андан соң курсанттар кызыктырган суроолорун беришип, жооп ала алышты.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *