Бүгүн, 27-декабрда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында 4-курстун курсанттарынын арасында “Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу” деген темада “Брейн ринг” интеллектуалдык-билим берүүчү оюну болуп өттү. Интеллектуалдык оюндун уюштуруучулары Академиянын Административдик укук жана административдик ишмердүүлүк кафедрасынын окутуучулары болушту. Оюн курсанттардын чыгармачылыгын, логикасын, стандарттуу эмес ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө, мурда алган билимдерин жаңы кырдаалда колдоно билүүгө жана командада иштөөгө багытталган. Командалар «Реактивдүү оюн», «Беренени тап», «Капитандар таймашы», «Тапшырмаларды аткаруу» деген төрт тур боюнча ат салышты.
Интеллектуалдык турнирдин жыйынтыгы боюнча 1-орунду 42-взводдун курсанттары, 2-орунду 43-взводдун курсанттары, 3-орунду 45-взводдун курсанттары ээлешти. Жеңүүчүлөргө дипломдор жана эстелик белектер тапшырылды

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *