2024-жылдын 17-апрелинде административдик укук жана административдик ишмердүүлүк кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы Бишкек ШИИББнын Коомдук коопсуздук кызматынын атайын кабыл алуу жайына курсанттар менен барышты.

Баруунун максаты атайын кабыл алуу жайынын практикага багытталган иш ыкмаларына мониторинг жүргүзүү, курсанттарды атайын кабыл алуу жайынын ишмердүүлүгү менен тааныштыруу.

Жолугушууда Бишкек ШИИББнын Коомдук коопсуздук кызматынын атайын кабыл алуу жайынын башчысынын орун басары милициянын полковниги Озубеков А.М. курсанттарга иш-кагаздарын толтурууну жана жүргүзүүнү көрсөтүп, кандай адамдар жана эмненин негизинде атайын кабыл алуу жайына кабыл алынаарын кенен айтып берди. Өз кезегинде курсанттар кызыктырган суроолорун берип, аларга жооп алышты.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *