2024-жылдын 19-апрелинде Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына жана ИИМдин Академиясынын 55 жылдык мааракесине карата ИИМдин Академиясынын жазык процесс кафедрасы “Жазык сот өндүрүшүнүн актуалдуу көйгөйлөрү” аттуу темада тегерек стол өткөрдү.

Илимий иш-чара ИИМдин тергөө кызматынын, шаардык, райондук милиция бөлүмдөрүнүн тергөө иштери боюнча орун басарлары, тергөөчүлөрү, Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайларынын юридикалык факультеттеринин окутуучулары, жетекчилери ошондой эле Жазык процесс кафедрасынын өздүк курамынын катышуусунда өткөрүлдү.

Тегерек столдун катышуучулары жазык-процесстик мыйзамдардын актуалдуу маселелерин, тагыраак айтканда жазык-процесстик мыйзамдарды өркүндөтүүнүн эң маанилүү аспектилерин, ошондой эле жазык-процесстик мыйзамдарды колдонуу боюнча жазык сот өндүрүшүнүн укуктук механизмдерин талкуулап, пикир алмашышты.

Тегерек столдун жыйынтыгы менен тиешелүү сунуштамалар иштелип чыкты.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *