Бүгүн, 12-июнда, ар дүйшөмбү өтүүчү сапка тизилүү иш-чарасы ардагерлерди ардактуу эс алууга салтанаттуу түрдө узатуу менен коштолду.

Ички иштер органдарында коп жылдар бою кызматын өтөп, ИИМдин Академиясынын курсанттарына жана студенттерине билим жана тарбия берген, ИИМдин Академиясынын башчысынын өздүк курам боюнча орун басары милициянын полковниги Нурлан Таштан уулу жана Ыкчам иликтөө ишмердүүлүк кафедрасынын башчысы милициянын полковниги Дыйканбай Абдырасаков ИИМдин Академиясынын күжүрмөн туусу ошондой эле өздүк курам менен салтанаттуу коштошушту.

Ардагерлерге окуу жайдын башчысы милициянын генерал-майору Тариель Абитов: “Сиздерди, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Алиев Эргеш Алиевич атындагы Академиясынын жалпы жамаатынын жана жеке өзүмдүн атымдан ардактуу эс алууга чыгышыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктаймын!

 Нурлан Таштанович, өзүңүздүн ишмердигиңизди Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын ар кылдуу иштерине арнап, жетекчилик кызматтарда иштеп келдиңиз. Көп жылдар бою топтогон практикалык, турмуштук мол тажрыйбаңыз менен Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын курсанттарын жана студенттерин тарбиялоого зор салымыңызды коштуӊуз.

Дыйканбай Советбекович,биздин кадырлуу агайларыбыздын бири сиз болдуңуз. Катардагы мугалимден кафедранын башчысы кызматына чеийн жетип, ардактуу полковник наамы, медалдар жана төш белгилер менен сыйландыңыз. Көп жылдар бою өлкө үчүн ыкчам иликтөө кызматкерлерин дайындоого кошкон салымыңыз опол-тоодой. Сиздин Ооган согушунда көрсөткөн эрдигиңизди да унутпайбыз. Сиз менен ар дайым сыймыктанып жүрө бермекчибиз.

Урматтуу биздин, ардактуу эс алууга кетип жаткан кеситештерибиз, Сиздер, Академия үчүн эле эмес, кыргыз милициясынын өсүп өнүгүүсү үчүн өз салымыңыздарды аябастан коштуңуздар. Сиздерге, узун өмүр, бакыт-таалай, кажыбас кайрат, бекем ден соолук каалайбыз. Ар дайым өмүрүңүздөрдү кубанычтар жандап, ийгиликтер коштоп жүрсүн” – деген жылуу сөздөрүн арнады.

Андан соң “ИИМдин Академиясынын ардагерлер кеңешинин” төрагасы Төлөгөн Имангазиев “Ардагер” төш белгисин тапшырып, ардагерлерге аруу тилектерин каалады.

Өз кезегинде арадагерлер дагы  ИИМдин Академиясынын жетекчилигине жана өздүк курамга ыраазычылык билдирип, алдыда аткарылуучу иштерге ийгиликтерди каалашты.

Иш-чара өздүк курамдын саптык жүрүшү менен жыйынтыкталды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *