Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын начальниги милициянын полковниги Тариель Абитов Академиянын ардагерлери, милициянын отставкадагы полковниги Кыдыралиев Асанкан Джанжигитовичти жана милициянын отставкадагы полковниги Сабиров Медер Надырбековичти 60 жаш кутман курагы менен куттуктады. Ардагерлерге чың ден-соолук каалап, көп жыл бою топтогон бай тажырыйбаларын дагы да болсо жаш муундарды тарбиялоодо бөлүшүп, уул-кыздын сый урматына бөлөнүп жүрө беришине тилектеш экенин билдирип, А.Кыдыралиевге “Ардак” медалын, М.Сабировго “Кыргыз милициясына 95 жыл” медалын тапшырды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *