2021-жылдын ноябрь айында ИИМдин Академиясынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесине барып Кыргыз тили боюнча тест тапшырышкан. Катышуучуларга 5 субтесттен турган тест варианттары сунушталган. Ар бир катышуучу өз каалоосуна жараша тесттин түрүн тандап алып, лексикалык нормаларды жана грамматикалык эрежелерди иш жүзүндө колдоно билүү, маалыматты угуп жана окуп түшүнө алуу, оюн оозеки жана жазуу жүзүндө билдире алуу көндүмдөрү боюнча тест тапшырышты. Бардык 5 субтест боюнча тест жыйынтыгы менен ИИМдин Академиясынын 8 кызматкери тастыктамага ээ болушту.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *