2022-жылдын 20-июлунда Корея Республикасынын Улуттук полиция агенттигинин өкүлдөрүнүн Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясы менен таанышуу иш- сапары болуп өттү.

         Иш-чаранын алкагында Улуттук полиция агенттигинин делегациясынын негизги курамы – Корея Улуттук полиция агенттигинин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын инспекторунун жардамчысы Ко Жиеун, эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башкы инспектору Сеон Хиису, санарип криминалистика инспектору, өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөө тобунун инспекторунун жардамчысы Ли Жинхо, Санарип криминалистикалык лабораторияларды түзүү боюнча корпорациянын инспектору Хванг Инюп  КР ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгынын начальниги милициянын полковниги А. Барпиев, ИИМдин Академиясынын начальниги милициянын полковниги Т. Абитов, ИИМдин Академиясынын начальнигинин орун басары милициянын полковниги А. Джоробекова жана ИИМдин Республикалык окуу борборунун начальниги милициянын полковниги К. Кадыркулов менен жолугушту.  

         Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар киберкылмыштуулук менен күрөшүү жана форензика боюнча адистерди даярдоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлерин окутуу жаатында тажрыйба алмашуу боюнча кызматташуунун келечегин талкуулашты.

         Иш-чаранын соңунда тараптар биргелешкен долбоордун маанилүүлүгүн белгилешип, көп тараптуу кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Корея Республикасынын Улуттук полиция агенттигинин өкүлдөрү ИИМдин Академиясынын материалдык-техникалык жабдылышы менен таанышып, криминалистика полигонун жана компьютердик класстарын көрүп чыгышты.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *