Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында, Күндүзгү билим берүү факультетин контракттык негизде окуп бүтүргөн  бүтүрүүчүлөрүнө дипломдорду тапшыруу салтанаттуу аземи болуп өттү. Иш-чаранын ачылышында  Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын начальниги милициянын полковниги Т. Абитов сөз сүйлөп, Кыргызстандын эң мыкты окуу жайларынын бири болгон Академияны  аяктап, жаңы турмуш жолуна аттанып жаткан бүтүрүүчүлөрүбүз  ѳлкѳбүздүн жүгүн кѳтѳргѳн илимдүү, билимдүү жаштардан болооруна толук ишенээрин билдирип, ак жол каалады.

Быйыл ИИМдин Академиясын контракттык негизде 36 бүтүрүүчү бүтүрсө, анын бирөө кызыл диплом менен аяктады.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *