Көлдүн сезону башталып, баары эле сууда коопсуздук эрежелерин сакташпай келет. Июнь айынын башынан бери Ысык-Көлдө 3 бала сууга чөгүп каза болгон.

Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын ИИМдин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, билим берүү министрлигинин, социалдык өнүгүү жана миграция министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрүнөн турган ведомстволор аралык жумушчу топ Көлдө эс алуучулардын жана балдардын коопсуздугун камсыздоого багытталган атайын алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Иш-чаранын максаты – Кыргызстандын Ысык-Көл берметиндеги кырсыктарды алдын алуу болуп саналат.

Ошентип, 17-жылдын 2023-июлунда ведомстволор аралык жумушчу топ Балыкчы жана Тамчы жээктеринде түшүндүрүү иш-чараларды жүргүзүшүп, анда милиционерлер эс алуучуларга Көлдөгү жүрүм-турум эрежелери жөнүндө айтып беришип, спирт ичимдиктерин ичүү коркунучунан жана мас абалында сууга түшүүгө жол бербөөнү эскертишти.

ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы, милициянын полковниги Таалай Алижанов эс алуучуларга айтып берип жатып, кырсыктар көбүнчө көлдүн жанында жүргөн жарандардын жеке коопсуздук чараларына көңүл бурбагандыгынан улам болуп жатканын баса белгиледи. Ошондой эле Таалай Алимжанов эс алуучуларга сууга түшүүгө тыюу салынган жээктерде илинген белгилерди ачык көрсөтүп берди. Ал эми чоңдорго суудагы жүрүм-турум эрежелерин эскертилди.

Аталган түшүндүрүү иш-чараларында балдарга өзгөчө көңүл бурулат.

Балыкчы жана Тамчы аймактарындагы милиция кызматкерлери жарандардын жээкке эркин өтүүсүн,анын санитардык абалын, коомдук коопсуздуктун сакталышын текшеришти.

Суунун жанында жүргөндө өзүңүздүн жана балдарыңыздын коопсуздугун унутпаңыз!

ИИМдин басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *