Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясынын бюджеттик негизде күндүзгү билим берүү факультетине тапшырып жаткан абитуриенттер үчүн кирүү сынактары башталды.

            Окууга өтүү үчүн талапкерлер физикалык даярдыгы боюнча төмөндөгү сынактардан өтүшөт.

            Оң жыйынтыкка ээ болуу үчүн эркектер, 7 жолудан кем эмес турникте тартылуу, 100 метрге 14:5 секунддан ашык эмес убакытта чуркап келүү жана 3 км аралыкты 14 мүнөттөн ашык эмес кросс чуркоолору керек. Кыздар 100 метрге 18 секунддан ашык эмес убакытта чуркоо жана 1 км аралыкты 5:10 мүнөттөн ашык эмес кросс чуркоосу жана  аркасы менен жатып, тулку боюн 25 жолудан кем эмес көтөрүү керек.

            Сынактын жүрүшүнө Ички иштер министрлиги тарабынан дайындалган комиссия көзөмөл жүргүзүүдө.

            Дене тарбия боюнча сынак 7-июлга чейин уланат.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *