2026-жылдын 6-апрелинде Академиянын өздүк курамы адаттагыдай саптык аянтка тизилди.
Иш-чара мамлекеттик Гимн менен башталып, өздүк курамга кызматтык тартип боюнча нускамалар берилди.
Мындан сырткары, жогорку окуу жайлар арасында өткөн «Универсиада-2026» спорттук мелдешинде Академиянын курсанттары жана студенттери кыргыз күрөшү боюнча байгелүү орундарга ээ болгон.
Жеңүүчүлөргө дипломдор жана медалдар тапшырылды.
