9-декабрда Эл аралык коррупцияга каршы күрөшүү күнүнө карата президентке караштуу Антикоррупцияга каршы ишкердик кеңеши Бишкекте “Quiz Night” интеллектуалдык оюнун өткөрдү.
Маалыматка ылайык, “Quiz Night” интеллектуалдык оюнуна мамлекеттик органдардагы коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, бизнес ассоциациялардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнөн турган 10 команда катышты.
Оюн жалпысынан үч этапта өтүп, негизги бөлүгү коррупция боюнча суроолорду камтыган.
Аталган конкурска Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин атынан ИИМдин Академиясынын кызматкерлери ю.и.д., милициянын полковниги Ч. Кадырова, милициянын полковниги Т. Осмонолиев , милициянын подполковниги М. Ажигулов жана Республикалык окуу борборунун кызматкерлери А. Осмонова, А. Жоошбаева катышып, жыйынтыгында ИИМдин командасы үчүнчү орунга ээ болгон.
Интеллекуталдык оюндун соңунда жеңишти камсыздаган командаларга ардак грамоталар жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *