Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын жетекчилиги окуу жайда көп жылдар бою эмгектенген милициянын полковниги Бутумбаев Аширбек Омурбековичти жана милициянын полковниги Ботоева Чынара Кычийевнаны ардактуу эс алууга узатышты. ИИМдин Академиясынын начальниги милициянын полковниги Тариель Абитов ардагерлерге чың ден-соолук, узун өмүр каалап, мындан ары да Академиянын коомдук иштерине активдүү катышып, бай тажырыйбалары менен жаңы муунду тарбиялоодо зор салымдарын кошот деген ишенимин билдирди.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *