Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын жазык процесс кафедрасынын доценти, милициянын полковниги Осмоналиев Тынычбек Ажимудинович Борбордук шайлоо комиссиясынын Ардак грамотасы менен сыйланды. Сыйлыкты БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова тапшырды.Айта кетсек, милициянын полковниги Т. Осмоналиев Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо боюнча үстүбүздөгү жылдын сентябрь жана октябрь айларында БШК тарабынан уюштурулган укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин шайлоо мыйзамдарын туура колдонуусу боюнча Кыргызстандын бардык областтарында семинар тренингдерде тренер катары сабактарды өткөргөн.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *