Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин Юридикалык факультетинин Эл аралык жана конституциялык укук кафедрасы Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому менен биргеликте “Эл аралык гуманитардык укук: теориянын жана практиканын маселелери” деген темада университеттер аралык студенттик илимий-практикалык конференция өткөрдү.

КОСУнун, КР Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын жана КР КУУнун студенттери илимий баяндамаларды жасашты. Кыргыз Республикасынын ИИМдин  Академиясынан Мамлекеттик-укуктук сабактар кафедрасынын доценти, юридика илимдеринин кандидаты, милициянын подполковниги С.М. Автандилованын илимий жетекчилиги менен 4-курсунун курсанттары Нуралиев Бектур, Нурдинов Сыймык, Жакыпова Апеля жана Бактыбекова Үмүт активдүү катышып келишти.

Конференциянын жыйынтыгында 43-взводдун курсанты А. Жакыпова «Медициналык-санитардык кадрлардын көйгөйлөрү» деген доклады менен II даражадагы диплом жана баалуу сыйлык менен сыйланды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *