Жаздын келиши менен ИИМдин Академиясынын 1-2-3-курсунун 100дөн ашык курсанттары Чүй областык драма театрына барып, залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун “Эрте келген турналар” повестинен алынган спектаклге күбө болушту.

Бул чыгарма согуш учурунун катаал шартында бийик адамдык абийирин сактап калган “Ак-Сай десанттары” — өспүрүмдөр тууралуу баян.

Автор бул чыгармасы тууралуу “…ар кандай учурларда, ал эми катаал кезең, оор сыноолордо ого бетер ажарына чыккан рухий бийик сапат, асыл касиет жөнүндө айткым келген”, — деп айтат.

Маданий иш-чарага курсанттардын катышуусун ИИМдин Академиясынын уюштуруу социалдык жана тарбия иштери боюнча бөлүмчөсү уюштурду.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *