2024-жылдын 19-февралынан 1-мартына чейин райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн тергөө кызматынын башчылары ИИМдин Академиясында квалификациясын жогорулатышты.

Жалпы 25 жетекчи келип, кызмат өтөөдөгү эң керектүү жана зарыл болгон маалыматтарды ала алышты.

Бул иш-чара Академиянын окуу-планына жана Ички иштер министринин жыл башында койгон, кызматкерлердин деӊгээлин жогорулатуу боюнча окутуп-үйрөтүүнү тынымсыз өткөрүү талабына ылайык уюштурулду.

Курсту натыйжалуу өткөрүү үчүн бир гана ИИМдин Академиясынын профессордук-окутуучулук курамы эмес тажрыйбалуу практикалык кызматкерлер да чакырылат.

Окуунун аягында алган билимин бекемдөө үчүн тергөө кызматынын башчылары атайын сынак тапшырып, ийгиликтүү өткөндөр тастыктамага ээ болушту

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *