Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Ниязбеков тарабынан белгилеген он приоритеттүү багыттарынын бири менен, министрликтин түзүмдүк кызматтарынын жетекчилерине өздүк курам арасында таалим-тарбияны күчөтүү, моралдык принциптерди бийик койгон кадрларды даярдоо, кызматкерлердин деӊгээлин жогорулатуу боюнча окутуп-үйрөтүү жумуштары тапшырылган. Берилген тапшырманын алкагында Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан облустук милициянын өздүк курамы менен КР ИИМдин Академиясынын окутуучуларынын ортосунда бир катар жолугушуулар уюштурулду.

Жолугушууга ИИМдин Академиясынын ыкчам иликтөө ишмердүүлүгү кафедрасынын башчысы милициянын подполковниги Болот Жеңишев, Жазык-процесс кафедрасынын доценти милициянын полковниги Тынычбек Осмоналиев, ушул эле кафедранын окутуучусу милициянын подполковниги Сапарбек Асангулов, Адмимнистративдик укук жана административдик ишмердүүлүк кафедрасынын  доценти милициянын подполковниги Аманбек Тукуев катышууда.

Үч күндүн аралыгында ИИМдин Академиясынын окутуучулары шаардык, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн, ошондой эле Ысык-Көл ОИИБдин борбордук аппаратынын өздүк курамы менен жолугушууларды өткөрүштү. Жолугушууларда ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн аныктаган мыйзам актыларынын негиздери, кызматкерди моралдык категорияларда түшүнүүгө жардам берген таалим-тарбия маселелери кеңири түшүндүрүлдү.

Жолугушууда Академиянын окутуучулары белгилегендей, укук коргоо органдарында иштеген адамдар кесиптик милдетин татыктуу аткаруу үчүн ички дүйнөсү күчтүү, адеп-ахлактык жактан сабырдуу, үлгүлүү атуул болууга тийиш. Ошондо, милиция кызматкеринин алдында коюлган талаптар өз деӊгээлинде турмушка ашары бышык.

Соӊунда Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Орунбай Кочкоров ыраазычылык катын тапшырып мындан аркы жемиштүү кызматташтыгына ишенимин билдирди.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *